Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эсенгул Исаков, коомдук ишмер: “Айыл чарба министри ишти жөндөп алып кете албады”

28.11.2023 19:03
793
Эсенгул Исаков, коомдук ишмер: “Айыл чарба министри ишти жөндөп алып кете албады”


- Эсенгул ага, кереметтүү сары өзөн Чүй өрөөнү бышыкчылыктын жери эмеспи. Жашылча-жемиш, арпа-буудай, кызылча ж.б. баары бышат. Болгону биз натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Кээде ушул жагынан аксап аткандайбыз, буга айыл чарба министрлиги чабалдык кылып аткан жокпу?


- Жашоодо кыйынчылыктар, аны менен кошо катачылыктар өтө көп. Эгемен алган алгачкы жылдарда жөпжөнөкөй жерди кандай өздөштүрүү керек экенин билбегендер көп болду. Мал чарбасында буйдалгандарды айтпай тек коёлу. СССР тушундагы айыл чарба министрлиги бери жагы республикада канча айдоо аянты, канча жайлоо жер бар, канчасына дан эгиндерин, канчасына жашылча-жемиш делип алдын ала 5 жылдык пландоо деген болот эле. Анын карааны көрүнбөй калды. СССР тушундагы мыкты адистерди, кадрларды колдонгондун ордуна аларды кодуладык. Туңгуюкка кептелдик. Эл, анын ичинде дыйкандар, мал чарбасында эмгектенген малчылар акыры түбү өз киндиктерин өздөрү кесүүгө мажбур болушту. Ошентип бүгүнкү күнгө келип жеттик.


- Эмне деген жетишкендик менен жеттик?


- Жер иштеткен дыйкандар, фермерлер, мал чарбасындагылар акырындап баарын өздөштүрүп келатат. Өкмөт, анын ичинде айыл чарба министрлиги элге жардам берип, реформа кылгандын ордуна шалтурук абалга кептелип, мамлекеттин казынасынан айлык алгандарына, имаратта отуруп курулай кагаз барактагандарына, анча-мынча тыңдары сырттан келген насыя акчаларды баса калганына маш болуп отурушат. Анан кантип “айыл чарба министрлиги иштеп атат” дейсиң? Керек болсо жакынкы эле арада “министрликти жоюп салыш керек!” дегендер чыкты, бир четинен алар туура айтып атышат, себеби, министр ишти жөндөп алып кете албады. 


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн