Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эттен түрлүү стейк жасап, дүйнөгө аты чыккан бай ашпозчу кандай жашайт?(видео)

23.04.2021 10:12
1003


Эттен түрлүү стейкетрди жасап, заманбап ыкма менен даярдоо жана өзүнүн өзгөчөлөнгөн стили менен дүйнөгө белгилүү болгон түркиялык ашпозчу Кёкченин ийгилик сырлары Ютубдагы ТИРАМИСУ каналынан көрүүгө болот. 


Маалыматтарга ылайык, 37 жаштагы Кёкче кичине чагынан этти устукандоо жумушу менен алектенип жүрүп, кийин ресторандарда ашпозчу болуп иштеп баштайт. Этти жука тилип кесүү жана тузду колунан чыканакка чейин чуурутуп туздоо жөндөмү жана укмуштуудай даамдуу стейктердин автору катары бир топ кардарларды өзүнө тарта алган. Ал мындай таланты менен бат эле дүйнөгө белгилүү боло алган жана Түркиянын бир топ шаарларында чоң ресторандарды ачууга жетишкен.


Анын колунан даам сызгысы келген дүйнөлүк белгилүү адамдар мисалы, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров, орусиялык белгилүү ырчы Филипп Киркоров, америкалык актёр Леанардо ди Каприо жана башкалар атайын буйрутма кылып, тамактанып кетишкенин интернеттен көрүүгө болот. Бир күндүк көрсөткөн кызматынан эле миллиондогон акчаларды таап алууга жол ачылган. 2019-жылы өзүнүн кирешесине - 60 млн долларга Стамбулда чоң отелге ээ болуп, 235 миң долларга “Аудинин” акыркы маделиндеги унаасын сатып алуга жетишкен.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн