Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Европа Биримдигине жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселеси талкууланды

24.05.2023 12:02
386
Европа Биримдигине жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселеси талкууланды

23-майда   Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Европа Бирлигинин делегациясын жетектеген Европа Комиссиясынын INTPA C (Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан региону боюнча эл аралык кызматташтык) директору Петерис Устубс менен жолугушуусу өттү.


ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.


Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спутник байланышын өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн