Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү алмашты

06.09.2022 08:16
330
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү алмашты

5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн дайындалган Башчысы, Элчи Мэрилин Йозефсондон ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын ичинде жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды уюштуруу пландары талкууланды.


Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде преференциялардын жалпыланган схемасынын (GSP+) мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик технологиялар, трансформациялоо, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жааттарында Көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселелерин козгошту.


Министр Кулубаев европалык дипломатты кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган анын ишмердигине ийгиликтерди каалады.


Өз кезегинде Элчи Йозефсон жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү жана чыңдоо ниетин жана бул үчүн зарыл болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн