Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:06
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Феликс Кулов: Бул Конституция өтсө күзүндө революция болот

20.11.2020 12:54
1425
Феликс Кулов: Бул Конституция өтсө күзүндө революция болот

Бул Баш мыйзам өтсө күзүндө кайра митинг болот. Мындай пикирин Феликс Кулов Конституциянын  жаңы долбоорун талкуулап жаткан жыйында билдирди.

 " Сунушталып жаткан Конституциянын варианты өтөт. Анткени азыр популисттик чакыруулар болуп жатат. Баары бир адам жоопкерчилик алыш керек парламент "чимкирик" болуп калды деп айтат. Мындай сунуш адамдарга сөзсүз жагат. Алар майда маанилүү нерселерге көңүл бурбайт. Парламенттин начар болуп калышына президенттер күнөөлүү. Өздөрүнүн аддамын коём деп сапатсыз парламентти түптөдү. 

Эми бул долбоорду токтотуу керек. Ал үчүн депутаттарга кайрылуу керек. Алардын 3/2 бөлүгү каршы чыкса долбоор артка кайтарылат. Экинчиден, Садыр Жапаровго кайрылуу керек. Ал дагы элдин пикирин эсепке алуусу шарт. 

Мен дагы бир нерсени баса белгилеп айтам эгер азыркы жаңы долбоор кабыл алынса кийинки жылы күзүндө быйылкынан да жаман революция болот. Себеби азыркыдай кризис мамлекеттин тарыхында болгон эмес. Пандемия менен кошо популисттик убадалар элдин пикирин өзгөртөт. 

Баары мыйзам талаасында болсун десек, Конституциялык палата карап чыгыш керек. Мындай шашылыш кабыл алууга болбойт",- деп белгиледи Кулов.

Белгилүү болгондой бүгүн Конституциялык жаңы долбоорду талкуулоо үчүн жарандык коом жыйынга чогулган.



Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Кыргызстан
Сени баш кылып,текени төш кылып,чимкириктерди куйрук кылып кубалап салса эч кандай революция болбойт.Булар жегендерибизди кусабыз деп коркуп атат.Бут бюджетти талап тоноп жеп бутподунорбу шакалдар.
Сабыр Тилегенов
Кулов эмне үчүн,сатып жиберген вертолётторго жооп бербейт?!Күзгө чейин сени,теке ж.б жеп жутарларды камаса,эч кандай революция болбойт!!!