Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Фейсбуктун маңызы эмнеде?

22.02.2021 20:02
1143
Фейсбуктун маңызы эмнеде?


АКШ чалгын кызматы фейсбук аркылуу көөп маалымат жыйнайт. Аны анализдеп, кайра стратегиясына, геосаясаттагы ордунун бекем турушуна пайдаланат. 


Эркиндик, сөз эркиндиги, укук деген формалдуу нерсе. Бирок биз аны аша чаап колдонобуз. Оозубузга келгендин баарын оттойбуз. Ал гана тургай бөлүшөбүз. Лайк басабыз. Кыскасы коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү, адамдарды мактап дагы, жамандап дагы жазабыз. Комментарий калтырып ашмалтайыбызды чыгарып сөгүшөбүз. 


Айтайын дегеним, фейсбукту туура колдонуу керек. 


Эрежелер төмөндөгүчө:

1. Достук жибергенде сага керектүү адамды так аныктап ал;

2. Достукту кабыл алганда сага керекпи? Ушул суроого жооп таап анан чечим чыгар;

3. Пост жазганда ушул маалымат досторума керекпи, керек болсо кимге керек, пайдасы, зыяны канчалык, уруш, сөгүш чыгарып жибербейби? Ушуну ойлон!!!


Эми, практика жүзүндө айтайын.


Менин досторумдун саны чектелүү. Себеби, көп критерийлердин негизинде тандап кошом.

1. Акыл эсим туура келеби?

2. Билим деңгээлим бирдейби же жогорубу?

3. Менден артыкчылыгы кандай?

4. Менин артыкчылыгым кандай?

5. Диний көз караштарда кагылышуу жокпу?

6. Улуттук баалуулуктарды сыйлайбыз?

7. Тарыхка, бүгүнкүгө жана келечеке камкорбу?


Ушул критерийлерге туура келбесе, тууганымды, кесиптешимди, кызматкеримди, студентимди жада калса жакындарымды дагы кошпойм.


Жыйынтыгында Фейсбук баракчамда мусор жок. Фейк аккаунттар жок. Себеби, ар бир досумду билем. Чай ичишкем. Жалган жазса жаагын жаап койо алам. 


Мына маалыматтык жеке фильтр. 


Ар бир лайк мен үчүн куйрук майдай. Лайк басканда же коммент жазганда досторум ойлонуп жазат. Юморду да эби менен колдонот. Бул мен үчүн өтө баалуу. 


Мисалы мен эч качан Асан Жакшылык Нур же Кыяс Молдокасымов же Бакыт Качкынов жазган постту окубай койбойм. Сөзсүз окуйм жана пикир калтыраарда ойлоном. Жазган комментарийим туура болобу? Булар жүгүрткөн ой деңгээл менде барбы? Уят болбогой элем деп. 


Буларды жазганым 5000 деп дос издебегиле. Мээни аягыла.


Спец слцжбаларга ушак ташыбагыла!


Чүүш, Байден же Путин укпасын!)))


Аман бололу.


Тынчтык Болсун, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн