1-февралда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында санитардык авиациянын учагы соода борборунун жанына кулап, 7 адам каза болду. Бул тууралуу “Reuters” маалымат агенттиги билдирет.
Агенттиктин маалыматына ылайык, бортто төрт экипаж мүчөсү, бир педиатриялык бейтап жана бир тейлөөчү болгон.
Ал эми Филадельфиянын мэри Шерелл Паркер учак кырсыгында дагы 19 кишинин жаракат алганын, бирок бул сан азырынча так эмес экенин айткан.
“Азырынча кырсыктан ким аман калганын айта албайбыз”,-деген Филадельфиянын мэри Шерелл Паркер.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Эске сала кетсек, бул АКШдагы экинчи учак кырсыгы. Буга чейин Вашингтондун үстүндө Bombardier CRJ700 жана Sikorsky H-60 (Black Hawk) аскердик тик учагы кагышып, 67 киши каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн