КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубеков каржы пирамидасын уюштурган деген айып менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Юруслан Тойчубеков 10-февралда УКМКнын кызматкерлери тарабынан MCN Coin криптовалютасына байланыштуу мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган, андан келтирилген зыян 2,5 миллион долларга бааланган.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2025-жылдын 13-февралындагы чечими менен Т.Ю.Ж.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу жөнүндө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып 2025-жылдын 5-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн