Франциянын чыгышында бычак менен кол салуудан кеминде 6 бала жараат алды, алардын үчөө оор абалда, деп билдирди Agence France-Presse.
Полициядагы булактын айтымында, белгисиз адам аларга бычак менен кол салгандан кийин жети адам - бир улуу адам жана алты жаш бала жаракат алган.
Балдардын көбү 3 жашта, алардын үчөөнүн абалы оор экенин агенттикке департаменттин префектурасындагы булак билдирди.
Полиция кол салган адамды кармаган. Анын айтымында, ал Франциядан башпаанек сурап кайрылган сириялык.
Премьер-министр Элизабет Борн окуя болгон жерге бара жатканын айтты.
Кол салуу бейшемби күнү эртең менен Жогорку Савойя департаментиндеги Анси көлүнүн жанындагы паркта болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн