Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Фрунзе заводунда бомба табылган жок

21.09.2021 08:44
928
Фрунзе заводунда бомба табылган жок

Бишкектеги Фрунзе атындагы заводдун аймагынан бомба табылган жок. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлады.


"Калп айтып, коомчулукту дүрбөткөн факты Ленин райондук ИИБине катталды. Чогултулган материалдар эми УКМКга өткөрүп берилет", — деп айтты маалымат кызматынан.

Аталган жайга бомба коюлду деген кабар милицияга саат 14:50 чамасында келип түшкөн.


Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери да барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн