Бугу 14, 2024
Убакыт: 02:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Футбол: Чемпиондор лигасынын оюндары күйөрмандарсыз өтөт

10.03.2020 13:36
1163
Футбол: Чемпиондор лигасынын оюндары күйөрмандарсыз өтөт

Бүгүн түндө өтө турган УЭФАнын Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын алкагында Франциянын “ПСЖ” жана Германиянын “Боруссия-Дортмунд” командаларынын,  ошондой эле Испаниянын "Валенсия" жана Италиянын "Аталанта" командаларынын жооптук оюндары күйөрмандары жок өтөт.


Маалым болгондой, плей-офф баскычындагы оюндардын көрүүчүлөрсүз өтүүсүнө коронавирус башкы себеп.


Коронавируска байланыштуу учурда өлкөлөр массалык иш-чараларды токтотууда. Алардын арасында спорттук мелдештер да токтотулуп, айрымдары күйөрмандарсыз өткөрүлүп жатат. Маалым болгондой бүгүн эле Италиянын футболдук чемпионаты да коронавируска байланыштуу бир айга токтотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн