Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Футбол: Дүйнөнүн мыкты коргоочусу “Ливерпульдун” эң көп маяна алган оюнчусу болот

12.06.2020 18:28
904
Футбол: Дүйнөнүн мыкты коргоочусу “Ливерпульдун” эң көп маяна алган оюнчусу болот

 

“Ливерпуль” клубунун коргоочусу Виржил Ван Дейк “ПСЖ” командасына өтүүдөн баш тартты, эми ал командасы менен жакшыртылган шартта жаңы келишим түзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, Париждик команда 28 жаштагы голландиялык футболчуну жайкы трансферлер учурунда катарына кошууну каалаган. Бирок Ван Дейк “ПСЖнын” сунушунан баш тартып, “Ливерпуль” менен жаңы келишимге кол коёт жана анын негизинде жумасына 245 миң евро алат. Анын учурдагы маянасы жумасына 200 миң еврону тузөт.


Ал эми жаңы контрактын негизинде Ван Дейк “Ливерпульдун” тарыхындагы эң чоң маяна алган футболчу болот. Учурда рекорддук (жумасына 222 миң евро) айлыкты Мохамед Салах алат.


Эске салсак, Ван Дейк “Ливерпульга” 2018-жылдын башында “Саутгемптондон” 84,5 миллион еврого өтүп, эң кымбат коргоочу болгон.


Ал 2019-жылы Чемпиондор лигасын жеңип, УЕФАнын тандоосу боюнча Европанын мыкты футболчусу атыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн