Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы Сингапур менен өткөн жолдоштук беттеште жеңишке жетишти.
Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле кыргыз футболчулары 2 гол киргизип алдыга чыкты. Кыргыз курамасынан голдорду 3-мүнөттө коргоочу Айзар Акматов жаратса, экинчи голду 9-мүнөттө чабуулчу Эрнест Батырканов жаратты.
Биринчи таймдын соңунда Сингапур эсепти 2:1ге өзгөрттү.
Экинчи таймдын башында дарбазчы Эржан Токотаев кызыл карта алып оюндан четтетилди. Калган убакта кыргызстандыктар азчылыкта ойноп, жеңишти камсыздады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн