Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин абалы кайрадан начарлап кетти. Бул тууралуу чет элдик спорт маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, Пеле рак оорусу менен күрөшүп келет. Ал бир ай мурда ооруканага жаткырылган.
26-декабрда анын абалы начарлап кеткендиктен жакындары менен коштошкон.
Эскерте кетсек, Пеле Бразилия курамасы менен 3 жолу дүйнө чемпионатын утуп алган жалгыз оюнчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн