27-ноябрда Дүйнө чемпионатына катышуудан четтеп калган Россиянын футбол боюнча ички чемпионаты уланууда.
Россия Кубогу үчүн болгон беттеште Санкт-Петербургдук "Зенит" менен москвалык "Спартак" кез келди.
Оюндун негизги убактысы 0:0 эсеби менен аяктады. Кошумча берилген мүнөттө"Спартак" оюнчусу менен атаандашынын ортосунда келишпестик чыгып, чыныгы мушташка айланды. Алардын мушташына бардык команда мүчөлөрү кошулуп кетти. Натыйжада калыс 6 "кызыл карта" көрсөтүүгө жетишти.
Оюндун соңунда "Зенит" пенальти сериясында жеңишти камсыз кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн