Футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын 14-туру жыйынтыкталды.
“EREM” эки оюндун жыйынтыгында “Мурасты” 8:3 менен утуп алды. Ал эми “Спартак Бишкекти” “Фарватер” биринчи оюнда 4:5 эсебинде жеңип, экинчи беттеште 3:3 менен тең чыкты.
“Биримдик Сокулук” биринчи оюн күнүндө “Намыска” 2:3 менен жеңилип, экинчи күнү 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
“Сары-Ой” “Бакубат Таласка” эки оюнда жалпы 10:16 эсеби менен утулду.
14-тур менен мелдеш жыйынтыкталып алдынкы 6 команда плей-офф жана жарым финалда күч сынашат.
Турнирдик тизмекте 1-2-орунду ээлеген “EREM” жана “Фарватер” командалары жарым финалга түз жолдомо алды. Ал эми, плей-офф баскычында “Спартак Бишкек” “Биримдик Сокулук” менен “Мурас” Намыс” менен ойнойт.
Турнирдик тизмек:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн