Футзал боюнча Азия чемпиондугу август айынан ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-16- август аралыгында Түркмөнстанда өтүүчү Азия чемпиондугу жаңы чечимдерге ылайык ноябрдын 4нөн 15не чейин өтөт. Клубдардын арасында орун алуучу чемпиондук Бириккен Араб Эмираттарында 2-13-декабрга калтырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин турнир февраль айында Ашхабад шаарында өткөрүү белгиленип, пандемияга байланыштуу августка жылдырылган. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы Кувейта, Ливана жана Япония менен бир тайпага түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн