Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Футзал боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн жаңы убакыттар бекитилди

02.04.2020 12:59
673
Футзал боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн жаңы убакыттар бекитилди


Футзал боюнча 2020-жылдагы Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн жаңы убакыттар бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлады.


Маалыматка ылайык, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) футзал жана кум жээк футболу боюнча комитети коронавирустан улам жылдырылган Азия чемпиондугу менен Азиянын клубдар аралык турнирин өткөрүү үчүн жаңы убакыттарды сунуштап АФКнын аткаруу комитети тарабынан кабыл алынган.


Мыдан улам, Түркмөнстанда өтүүчү 2020-жылдагы Азия чемпиондугу 5-16- август аралыгында, командалар арасындагы чемпиондук Бириккен Араб Эмираттарында 2-13-декабрда өтөрү маалым болду.


Эске салсак, футзал боюнча Азия чемпиондугу февралда Түркмөнстанда өтмөк, COVID-19 пандемиясынан улам жылдырылган болчу. Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы Кувейта, Ливана жана Япония менен бир тайпага түшкөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн