Теке 27, 2024
Убакыт: 07:08
USD
EUR
RUB

Футзал боюнча улуттук курама команда Барселонада машыгуу өткөрөт

29.01.2024 09:17
435
Футзал боюнча улуттук курама команда Барселонада машыгуу өткөрөт


Кыргызстандын Футзал боюнча улуттук курама командасы Испаниянын Барселона шаарында үйрөнүп, машыгат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.


Маалыматка ылайык, машыгуулар бүгүн башталып, 10-февралга чейин уланат. Анын алкагында курама команда жергиликтүү клубдар менен тажрыйба топтогон бир нече беттешке да катышат.


Команданын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина 15 оюнчуну жана 3 дарбазачыны чакырган. Чакырылган дарбазачылар арасында Кыргызстандын жарандыгын алып жаткан Филипе Де Соуза дагы бар.


Кыргыз футбол союзу машыктыруучулар штабынын курамында да өзгөрүүлөр бар экенин кошумчалады. Испаниялык адис Марк Сагрера дарбазачылардын жаңы устаты болуп дайындалган.


Мекемеден бул окуу-машыгуу ушул жылдын 17-28-апрель күндөрү Таиландда өтө турган Азия кубогуна даярдыктын экинчи этабы экенин белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн