Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Футзал: жыйынтыктоочу жана чечүүчү 14-турдун оюндары дем алыш күндөрү өтөт

13.03.2020 14:11
801
Футзал: жыйынтыктоочу жана  чечүүчү 14-турдун оюндары дем алыш күндөрү өтөт


Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лигасынын жыйынтыктоочу 14-турунун оюндары 14-15-март күндөрү орун алат. Бул тууралуу аталган спорттун маалымат кызматы билдирди.


Оюндар Бишкек, Чолпон-Ата жана Ош шаарларында өтөт.


14-мартта:

14:30 “Биримдик-Сокулук” – “Намыс” өтүүчү жай: “VIVAT” спорт комплекси (Бишкек);


15:00 “Сары-Ой” – “Бакубат-Талас” өтүүчү жай: ФОК “Газпром” (г. Чолпон-Ата);


18:00 “EREM” – “Мурас” өтүүчү жай: “Шавкат” спорт комплекси (Ош);


19:00 “Спартак Бишкек” – “Фарватер” өтүүчү жай: “SUN CITY” спорт комплекси (Бишкек);


15-март күнү ушул эле командалардын жооптук оюндары өтөт.

 

Маалыматка ылайык, 14-турдан кийин Супер Лиганын плей-офф баскычындагы оюндары старт алат. Анда үчүнчү саптан алтынчы сапка чейинки командалар жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат. Ал эми, 1-2-орунду ээлеген командалар жарым финалга түз чыга алышат.


Учурда “EREM” 13-турдан кийин 68 упай топтоп 1-сап менен жарым финалга түз чыга алды. Ал эми 2-орунга “Спартак Бишкек”, “Фарватер” жана “Мурас” командалары ат салышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн