Чүй облусундагы ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 25 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районнда 14-июнь күнү ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 25 жаштагы эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин көлмөдөн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн