7-класста окучубуз. Раматылык Ырыскан эже класс жетекчибиз эле. Биздин класстык бөлмөбүз үчүнчү кабатта жайгашкан. Күнүгө окуучулар кезектешип, бөлмөнү жууп-тазалачу.
Кезегибиз жеткен төртөөбүз адатыбызча бөлмөнү шыпырып, полун жууп атканбыз. Кыш мезгили болчу. Лабораториядан классташтарымдын бири атып чыгып эле:
- Досум, туалетке барбасам болбой калды, - деп шашкалактап калды.
- Кызыксың го, аны мага эмне айтып жатасың? Ажаатканага барып келбейсиңби! - дедим.
- Шашылышта ал жакка кантип жетмек элем...
Классташым карбаластаган бойдон кайра лабораторияга кирип кетти. Аз убакыт өткөн соң:
- Өөх, ырас болбодубу. Гүлдөрдү сугарбай эле койгула, мен “сугарып” койдум, - деди өзүнө өзү абдан ыраазы боло.
Ал күнү ага такыр маани берген эмеспиз. Анын бу сөзүндө көрсө мандем бар экен. Аны эртеси билдик.
Адатта сабакты дароо баштачу Ырыскан эже баарыбызды сыдыра карады. Анан бизге суроо салды.
- Кечээ кимдер дежур болду эле?
Эч нерсени түшүнбөстөн төртөөбүз ордубуздан турдук. Баары биз тарапты карап калыштыю “Кайсы жерибизден жаза тайдык экенбиз?” деп атабыз ичибизден бушайман жеп.
- Суук дейин десем бөлмөбүз жылуу, - деди эжеке. – Антейин десем лабораториядагы гүлдөрдү үшүк алып кетиптир. Тообо, ушундай да болобу? Байкабастан муздак суу куюп алган эмес белеңер?
Суроого жооп бере албай башыбызды жерге салып шылкыйып турабыз. Ырыскан эже кантсе да биолог эмеспи, бир нерсени түшүнгөндөй жылмайып, башка сөз кылбай, сабакты улантты.
Классташтарыбыз жолукканда дайыма ушул окуяны эстеп, каткырып күлүп алмайыбыз бар. “Башкасы унутса да, ушу сен такыр унутпай койдуң” деп кээде “гүл сугаргыч” досум мага нааразы болуп калат. “Ал күндү кантип жадыбыздан чыгармак элек? Ал өзүнчө тарых да” дейм тамаша-чынга салып.
Баарыбыз тең үй-бүлөлүүбүз. Балдарыбыз мектепке барышат. “Алардын арасында бизге окшогон “сугаргычтар” болсо керек” деп ойлоп калам. Ойлойм да “бырс” этип күлүп алам.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн