Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Галина Кетова: Биз куру убадаларды бергенден алыс болуп, эмгек кылышыбыз керек

04.09.2020 17:54
1372
Галина Кетова: Биз куру убадаларды бергенден алыс болуп, эмгек кылышыбыз керек


Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин Жеңиш аянтында «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясий партиясы шайлоонун үгүт кампаниясын расмий түрдѳ баштады. Иш-чарага партиянын лидерлери, тарапташтары, аймактардагы партиянын мүчѳлѳрү, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты.


Партиянын тизмесинин алдыңкы сабында шайлоого бараткан талапкер, КРнын Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова сѳз сүйлѳп, ѳлкѳнү ааламга тааныткан маданият адамдарын унутпоо зарылдыгын айтты.


«Адам үчүн адамзатка кызмат кылуудан өткөн сыймыктуу иш жок! Кыргызстанга кызмат кыла турган жарандар да аз эмес. Алардын ичинде дарыгерлер, өз жанын тобокелге салып пандемия менен күрөшүп жатышат, мугалимдер апаат башталгандан бери өз милдетин аткарып, окуу процессин үзгүлтүккө учуратышкан жок, маданият өкүлдөрү да ушундай оор шартка карабай түбөлүктүү баалуулуктарды айтып, жайылтып келишет!», - деди ал.


Ошондой эле ал учурда жаштар өздөрүн жакшылап көргөзчү мезгил келгенин айтты: «Бул бизге чоң жоопкерчиликти жана ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Ошондуктан ар бирибиз биринчи кезекте биздин өлкөнү кандай келечек күтүп турат деп ойлонушубуз керек».


Кыргызстандын жаркын келечегин кѳргүсү келген Г. Кетова «Кыргызстанды биз кандай элестетебиз, кандай абалда азыр көрүп турабыз? Келечекте кандай өлкө болот? Кыргызстан үчүн эмнеге даярбыз? Келгиле ойлонуп көрөлү, биз кайда баратабыз?, - деген суроо салып, жаңы жашоону өз колубуз менен курууга чакырды.


Мындан сырткары, КРнын Эмгек сиңирген артисти Галина Кетова биздин өлкөнү ааламга тааныткан маданият адамдарын унутпашыбыз керектигин айтты.


«Алар искусство адамдары, бирок тилекке каршы биз аларды унуттук», - деди «Биримдик» партиясынын талапкери.


Анын айтымында, биздин өлкөдө таланттуу, потенциалы бар адамдар абдан көп. Ошондуктан маданият жана искусство тармагы көбүрөөк көңүл бөлүүнү талап кылат. 


«Алардын ичинен маданий билим берүүгө айрыкча басым жасалышы керек», - деди ал.


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн