Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Гансиде оор абалдагы бейтаптар көбөйгөндүктөн реанимациялык блок ачылды, - Каратаев

06.07.2020 10:31
1149
Гансиде оор абалдагы бейтаптар көбөйгөндүктөн реанимациялык блок ачылды, - Каратаев


Мурунку аскер базасы "Гансиде" 600 орундан 112не кычкылтек системасы орнотулуп жатат. Бул тууралуу 6-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Мадамин Каратаев брифингде билдирди. 


Анын айтымында, тез жардам кызматы жетишпей жаткандыктан, адамдар өз унаалары менен келип жатышат. 


"Пневмония менен оор абалда болгонор, Улуттук госпиталга жана №1 шаардык ооруканада жатышат. Биз орто оор бейтаптарды "Гансиге" жибергенбиз. Бирок, кээ бир орто оор бейтаптардын абалы оор абалга өтүп кетип жатат. Мындай учурлар абдан көп. Буга байланыштуу "Гансиде" оор абалдагы бейтаптардын саны өсүп жатат. Ошондуктан министлик реанимациялык блок ачылды", - деди Каратаев. 






Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн