Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

“Гаваи” кафесинде адам сабагандар үй камагына бошотулуп кетти, - депутат

18.06.2020 14:35
944
“Гаваи” кафесинде адам сабагандар үй камагына бошотулуп кетти, - депутат


“Гаваи” кафесинде адамды сабады деген шектүүлөр кармалган менен ошол эле күнү үй камагына бошотулган. Бул тууралуу   18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди. Анда “Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жаткан. 


Депутат 60 жаштагы Мамаджановго карата жасалган кылмыш ишин толук түрдө карап чыгууну талап кылды. 


"Аталган жаран 14-июнь күнү “Гаваи” кафесинде сабалып, шектүүлөр кармалган менен ошол эле күнү үй камагына бошотулган. Кийинки күнү 200дөй айыл тургуну көчөгө чыгып, кылмыш ишинин акыйкат тергелишине талап кылышты. Алар мыйзам үстөмдүгүн суранышууда” – деген эл өкүлү ички иштер министринин орун басарын аталган маселени өз көзөмөлүнө алууга чакырды. 


Буга чейин Токмок шаарындагы “Гаваи” кафесиндеги мушташ боюнча 2 кишиге кылмыш иши козголгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдаган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн