Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда

22.05.2020 09:05
875
Газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда


ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 

Анын айтымында, учурда Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды Кыргыз өкмөтүнүн жана Россия өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу келишимге ылайык сатып алат. 

Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланып жатат. Айтмакчы, бул маселени 19-майда мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда талкуулашкан, анда Кыргызстан газды ташып жеткирүү тарифтерин чыгарылган өлкөгө карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди колдору белгиленген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн