Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жээнбеков: "Газ маселесинде дискриминациялык эмес мамилелер камсыздалышы зарыл"

19.05.2020 17:03
955
Жээнбеков: "Газ маселесинде дискриминациялык эмес мамилелер камсыздалышы зарыл"

 

ЕАЭБдин бирдиктүү газ рыногун түзүү - биздин кызматташтыктын эң маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат, деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында газды ташууга тариф коюу маселеси тууралуу айтып жатып.


Мамлекет башчысы белгилегендей, бул Биримдик өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп эсептелет.


«ЕАЭБдин газ рыногу өзүнүн жеке өндүрүшүнөн гана эмес, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн газ жеткирүүнү да ичине камтыйт. Эл аралык келишимдердин долбоорун иштеп чыгууда газды жеткирүүгө тарифтерди түзүүдө кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди камсыз кылууну карап чыгуу зарыл деп эсептейм», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Президент
кыргыз тарап бардык тараптар менен макулдашылган эл аралык долбоорлорду реалдуу мөөнөттө кабыл алууну колдой турганын кошумчалады.


ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда видео-конференция режиминде болуп өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн