Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Генерал Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган 3 күндүк дзюдо боюнча турнир өттү

18.04.2022 11:00
389
Генерал Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган 3 күндүк дзюдо боюнча турнир өттү

Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган дзюдо боюнча 3 күндүк турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


 17-апрелде Ички иштер министрлигинин "Динамо" спорт комплексинде милициянын генерал-лейтенанты, юридика илимдерини доктору Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган күч структураларынын кызматкерлери арасында уюштурулган дзюдо боюнча турнир жыйынтыкталды. Турнирдин жабылышына ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Андан сырткары, Болот Бердибековичтин уулу Бишкек ШИИББнин начальниги Азамат Ногойбаев, “Динамо” коомунун төрагасынын орун басары Төрөкул Мадалиев сыйлык тапшыруу аземинин күбөлөрү болушту. 


Жалпысынан 12 команда катышкан турнирде, биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин командасы, экинчи орунду УКМКнын 9-кызматынын командасы жана үчүнчү орунду Чүй ОИИББнин кызматкерлери жеңип алышты. Жеңүүчүлөргө диплом жана кубок тапшырылды. Андан сырткары жеке жетишкендиктери үчүн да бир катар кызматкерлер диплом жана медаль менен сыйланды. 


Сыйлоо учурунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Болот Бердибековичти эскерүү сөзүндө, өткөрүлүп жаткан турнир жакшы жышаан экенин баса белгилеп, жыл сайын өткөрүлүп туруусуна тилектеш экенин билдирди.  


 Эске салсак, буга чейин ачылыш аземинде ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Болот Бердибековичтин уулу Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев, “Динамо” коомунун төрагасынын орун басары, Төрөкул Мадалиев жана бир катар замандаштары, кесиптештери, үй-бүлө мүчөлөрү катышкан.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн