Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Гербдин авторлорунун бири С.Дубанаевге "Ысык-Көлдүн ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды

26.10.2020 16:05
552
Гербдин авторлорунун бири С.Дубанаевге  "Ысык-Көлдүн ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды

Милициянын генерал-майору, Генералдар клубунун төрөгасы Дубанаев Садырбек Мамбеталиевичке  "Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, бул наамды Садырбек Дубанаеге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев тапшырды. Облус башчысы Садырбек Мамбеталиевичтин Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын түзүлүшүнө чоң салымын баса белгилеп, КРнын гербинин авторлорунун бири катары мамлекеттин алдында эмгектери зор экендигин билдирди.


Өз кезегинде Садырбек Дубанаев символду түзүүдө Асеин Абдраев экөөбүздөн сырткары өздөрүнүн сунуштарын  киргизген көптөгөн адамдардын эмгеги бар экендигин кошумчалады. Милициянын генерал-майору облус башчысына өтө маанилүү сыйлыкты тапшырганына ыраазычылыгын билдирди.


«Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу” наамы Садырбек Дубанаевге социалдык-экономикалык чөйрөдөгү эмгеги, коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө жана Ысык-Көл облусунун калкынын интеллектуалдык жактан өнүктүрүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.


Белгилеп кетчү жагдай, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун кулуну Садырбек Дубанаев 1994-2001-жылга чейин Нарын ОИИБди, андан соң Жалал-Абад ОИИБди башкарган. Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2002-2007-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн