Германиядагы парламенттик шайлоодо Германиянын Социал -демократиялык партиясы 25,7% добушка ээ болуп, жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Германиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Германия парламентиндеги экинчи орунду Христиан-демократиялык жана Христиан-социалдык Бирликтеринин блогун алып, ага 24,1% шайлоочулар добуш беришкен.
Жалпысынан парламентке беш партия өткөнү кабарланды.
Эскерте кетсек, кечээ, 26-сентябрда Германияда парламенттик шайлоо болуп өттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн