Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы машыгууларын баштады. Бул тууралуу балбан Жоламан Шаршенбеков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.
“Салматтыкты сактоо министрлиги берген көрсөтмөлөрдү толугу менен аткарып, кечээ улуттук курама команда машыгууларды баштады. Карантин учурунда да тийиштүү аракеттерди көрүп жаттык. 2021-жылы орун алчуу Олимп оюндарын башкы максат кылуу менен аракетибизди көрөбүз”, - деди Шаршенбеков.
Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү
боюнча Дүйнө жана Азия чемпиондуктарынын финалчысы. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Кыргызстандын 2018-жылдагы мыктысы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн