Грузиянын борбору Тбилиси шаарынын түштүк тарабында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө жакынкы Армения жана Азербайжанда да катталган.
Грузиянын телеканалдарынын биринде журналист түз эфир алып барып жаткан учурда жер титирөө катталгандыктан ал эфирди токтотууга мажбур болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн