Бугу 12, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Грузиянын элчиси Айбек Молдогазиевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

25.04.2023 14:32
278
Грузиянын элчиси Айбек Молдогазиевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Астанада жайгашкан Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвили менен жолугушуп, ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.


КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.


Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул боюнча тиешелүү иштер улантылат.


А.Молдогазиев грузиялык дипломатты ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырышы менен куттуктап, Грузиянын Кыргызстандагы элчиси кызматында ийгиликтүү иш каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн