Кулжа 26, 2025
Убакыт: 19:54
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

HRW: Орхан Инандынын уурдалышы менен эл аралык мыйзамдар одоно бузулду

07.07.2021 13:58
699
HRW: Орхан Инандынын уурдалышы менен эл аралык мыйзамдар одоно бузулду


Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын кармалганы тууралуу билдирүү таратты. Анда Түркия эл аралык жана ички мыйзамдарды одоно бузгандыгы айтылат. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жазылган.


Маалыматта "Орхан Инандынын уурдалып, Бишкектен Түркияга кыргыз жана түрк бийлиги тарабынан алып келиниши эл аралык укуктардын одоно бузулушун камтыйт", - деп жазылган.


Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсондун айтымында, Кыргыз өлкөсү менен Түркия Орхан Инандыны кармоо боюнча келишим түзгөн болушу мүмкүн.


"Орхан Инандынын уурдалышы жана Бишкектен Түркияга мыйзамсыз алып келиниши Анкаранын мыйзамды жана эл аралык укуктун негизги нормаларын тоготпогонун көрсөтөт. Кыргыз өлкөсү Анкарага каршы турууну каалабайт же туруштук бере албайт, же Түркия менен келишим түзүшү мүмкүн", - деген ал өз сөзүндө.


Уюмдун директору Кыргыз өлкөсү Орхан Инандыны уурдап кетүүгө катышкан ар бир адамды жоопко тартышы керек деп эсептейт.


"Түркиянын министрлер кабинети токтоосуз түрдө Орхан Инанды кайда кармалып жаткандыгын ачыктап, аны бошотушу керек. Мындан тышкары Инанды коопсуздук кызматкерлеринин катышуусусуз ооруканада толук жана кылдат медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Ал ошондой эле сот жараянына чейин өзү тандаган жактоочу менен иштешиши керек. Кыргыз өлкөсү өз кезегинде жарандын коопсуздугун жана укугун коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү керек", - деген Хью Уильямсон.

Теги

Hrw

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн