Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Хабибдин атасы Фергюсон менен беттеш кайсыл жерде өтөрү тууралуу оюн айтты

23.03.2020 18:36
617
Хабибдин атасы Фергюсон менен беттеш кайсыл жерде өтөрү тууралуу оюн айтты


UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов уулунун америкалык мушкер Тони Фергюсон менен болучу беттеши кайсыл жерде өтөрүү тууралуу оюн айтты.


Буга чейин эки спортчунун кез келүүсү АКШнын Бруклин шаарынан жылдырылган болчу.  Нью-Йорк шаарынын атлетикалык комиссиясы коронавирус илдетинен улам баардык массалык иш-чараларды токтоткон.


“Коронавирус пандемиясына карабай UFC уюму мелдешти 18-апрелден жылдырбаганына кубанычтабыз. Биз белгиленген убакытка максаттуу даярданып жатабыз, жана мелдешти жылдыруу эч бир тараптын калоосуна дал келбейт. Беттештин кайсыл жерде өтөрүү анча деле маанилүү эмес. Менин оюмча Дубай жакшы сунуш”, - деген Абдулманап Нурмагомедов.


Эске салсак, буга чейин UFCнин президент Дэйна Уайт Хабиб Нурмагомедов жана Тони Фергюсондун беттеши өз убагында болбой калуусу мүмкүн экенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн