Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Халтураны “классика” кылган фальсификаторлор

19.05.2021 18:00
1752
Халтураны “классика” кылган фальсификаторлор


(Бекташ Шамшиев менен Абдыкерим Муратовдун былыгы) 


Эгемендүүлүк жаңы башталганда Салижан Жигитов Алым Токтомушевге интервью берип жатып, “70 жыл бою кыргыздан режимге каршы чыккан, эркин ойлонгон бир диссидент чыкпаптыр, жарыялайлы десек К.Жусубалиевдин бирин-экин чыгармасынан башка эч нерсе жок экен” дегендей айтканы бар. Бул жүйөлүү сөз эле, анткени тоталитардык бийликке, режимге каршы чыгып, аны сындап, А.Солженицын сыяктуу көз карашы, принциптери менен диссидент болуп, куугунтукка алынып, чыгармаларына тыюу салынып, өзүн депортация кылып, өлкөдөн айдалган жазуучу кыргыз адабиятынын тарыхында болгон эмес. 


Бирок, 1989-90-жылдары “мен куугунтукталдым”, “чындыкты айткам”, коммунисттердин “ур-токмок сынчылары сындады” (“Кыргызстан маданияты” 09.02.1989) деп тоталитардык режимдин “запкысын көрүп”, анын “курмандыгы” болгон жазуучу жалгыз Шабданбай Абдыраманов болуп чыга келди. Кезинде “Партиябыз менен өкмөтүбүз биздин өлкөдө зор кайра куруу иштерин жүзөгө ашырып жатат” (“Кыргызстан маданияты” 01.11.1973) деп ыраазы болуп, айтарга сөз таппай, мактап, жүгүнүп жүргөн Ш.Абдыраманов партиянын куюшканы кыйшайган 90-жылдарда жазган макалаларында, гезиттерге берген интервьюларында коммунисттик партияны мазактап (өзү 1953-жылдан бери коммунист болгон экен) “Аягында коммунисттер 70 жыл бою элди “коммунизмди куруп беребиз” деп алдап келген баразман пропаганда жалган болуп чыгып, коммунисттер бийликтен кулады...” (“Кыргыз туусу” 12.10.1993), “Компартиянын чыныгы жүзү: алдамчылыгы, жалганчылыгы, жалган демократчылыгы, кош жүздүү саясаты” (“Кыргыз туусу” 08.10.1993) деген сыяктуу акаараттарды айтып чыкты. Анын партияны жамандаганын кабыл албай, социализмди жактаган калемгер Көчкөн Сактанов “Социализм доорун Шабданбай Абдыраманов деген жазуучу да кыжына жамандап жүрөт. Абдырамановду түшүнсө болот, буерде аны сөз кылбасак деле болмок, анткени а кишинин деңгээли, дээри ошол экен” (“Кыргызстан маданияты” 21.03.1996) деп нааразы болгон жайы бар. Тилекке каршы, жазуучу өзү тараткан жалган маалыматтардан уламбы, айтор, “Ш.Адыраманов куугунтукталган” деген сөз кеңири жайылып, же ал киши ошондой керээз калтырып кеткенби, иши кылып, айрым адабиятчылардын эмгектеринде “Ш.Абдыраманов куугунтукталган, партиялык идеологиянын курмандыгы болгон” деген сөз кайра-кайра кайталанып, гезиттерге жарыяланып, телерадиодон айтылып, акыры адабият тарыхына да киргизилген. 


Азыр болбогон окуяны “болду” деп, тарыхты өзү каалагандай бурмалаган тарыхчылар, адабиятчылар, журналисттер четтен чыгып жатат. Тарыхты бурмалап, “ачуу чындыкты” шардана сөз кылган жагынан “Азаттык” радиосу азырынча эч кимди алдына чыгара элек. 2021-жылдын 7-мартында “Азаттык” Шабданбай Абдырамановдун “Дыйкандар” романы Совет доорунда жазыксыз жерден цензуралык айыптоолорго кабылган мыкты чыгармалардын бири болгон” деп жазды. Кыргыз адабиятынын тарыхынан кабары бар угарман, окурман үчүн бул чынында да “жаңылык” болчу. “Азаттыктын” Айзада Касымалиевага окшогон адабиятты чала-моңол билген жетекчиси билбесе билбейт чыгар, бирок, адабият адистери “цензура” деген, “мыкты чыгарма” эмне экенин жакшы билет эмеспи. 


Эгер бул маселени катардагы бир журналист көтөрүп жатса “адабият боюнча билими тайкы турбайбы” деп тим болмокпуз. Ал эми саргара жортуп, адабиятты изилдеп, атайын даярдыктан өтүп, илим кандидаты даражасын алган Бекташ Шамшиев соцреализмдин талаптарын айтып, “андан азыноолак кыйшайган жазуучуга саясый айып тагылып, куугунтукка алынчу. Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун “Дыйкандар” романы ошондой тагдырга туш келген” деп жазуучуну ак жеринен күйгөн саясаттын курмандыгына айландырып отурушу талашка жем таштады.


Эмесе, өткөн ишке салабат. Адегенде “цензуралык айыптоо” деген кандай түшүнүк, ошону тактап алалы. Адатта цензура мамлекеттин идеологиясына жараша атайын көзөмөлдөөчү мекеме тарабынан жүргүзүлөт. Союз мезгилинде Главлит деген болгон, анын кызматкер-цензорлору гезит-журналдардын, басмадан чыга турган китептердин материалдарынын баардыгын жарык көрө элек кезинде жашыруун маалымат, идеологиялык-саясый ката кетип калбасын деп катуу текшерип, алар уруксат мөөрүн баскандан кийин гана гезит-журнал, китептер басылып чыга турган. Ш.Абдырамановдун “Дыйкандар” романы цензурадан өткөн үчүн 1968-жылы “Ала-Тоо” журналынын 6-7-сандарына жарык көргөн. Демек, романга эч кандай “цензуралык айыптоо” коюлган эмес. Бул Б.Шамшиевдин кезектеги журналисттик “өрдөктөрүнүн” бири. Ал эми “мыкты чыгарма” деп жогору баалаганына төмөндө токтолобуз.

 

Эгер адабиятчы, журналист Бекташ Шамшиевдин сөзүнө ишенсек, “Дыйкандар” романы соцреализмдин калыптарына сыйбай, алкагынан чыгып кеткен үчүн айып тагылып, Ш.Абдыраманов “куугунтукталыптыр”. Анда Ш.Абдырамановдон башка акын-жазуучулардын баардыгы соцреализмдин алкагында “изденип”, конъюнктура менен алек болуп жүрүшкөнбү? Адабият тарыхына көз чаптырсак, буга “жок” деген жооп алабыз. Тилекке каршы, Б.Шамшиев айтып жаткан тап күрөшүнө таандык көрүнүштөр кыргыз совет адабиятынын 30-40-жылдарына мүнөздүү десек болот. ХХ сьездден кийин адабият, жалпы эле искусство соцреализмдин калыптарын бузуп, анын алкагынан чыгып кеткенин поэзия, проза, искусство, театр, кино өнөрүн камтыган “шестидесятники” агымынын чыгармачылыгы муну ырастап турат. Бул А.Вознесенский, Е.Евтушенко, Б.Ахмадулинанын ырларынан, Ч.Айтматов, В.Шукшин, Н.Думбадзе, В.Распутиндин аңгеме, повесттеринен, Э.Рязанов, Г.Данелиянын көркөм фильмдеринен айкын көрүнөт. Кыргыз адабиятында 60-жылдары адабиятка келген А.Саспаев, М.Гапаров, А.Жакыпбеков, А.Стамов, К.Жусупов жана К.Жусубалиевдин чыгармаларында, поэзияда О.Султанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, С.Тургунбаевдин ырларында таптык күрөштүн, жогоруда сөз болгон соцреализмдин изи да жок. Тескерисинче соцреализмди туу тутуп, аны жамынгандардын бири Б.Шамшиев жерге-сууга тийгизбей мактап жаткан ушул Ш.Абдыраманов болгон. Б.Шамшиев андан нары мактоо сөзүн мындайча улантат: “Бирок ошол кезде “Дыйкандардан” аз илгерирээк Москвадагы “Новый мир” журналына жарыяланган Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повести СССРдин мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлүп, чоң мактоого арзыган. Ал чыгармада деле партиянын айыл чарба саясатынын абалы, кырылган мал, азап чеккен малчылар, желкеден баскан оор проблеманы чечиштин ордуна жанынын тынчтыгын ойлогон булгаары тончон партманаптар тууралуу кеп болот го.


Айырмасы Шабданбай Абдыраманов аңырайып, ачылып калган проблеманы жаап-жашырбай ачык, андан да публицистикалык тактык менен сүрөттөп бергендигинде эле...” деп укмуштуунун төөсү жорго дегендей эле салыштырыптыр. Ооба, ошондой болсун дейли, эки чыгармада тең элет турмушу сүрөттөлөт. Бирок, кандай сүрөттөлөт, турмуш чындыгын кандай ачып берет? Кеп ошондо да. Ч.Айтматов партиянын уставын жаттап алган жасалма коммунистти эмес, турмуштун казанында кайнаган, эл жер үчүн башын сайып коюп, жанын таштап иштеген коммунистти нукура реализмдин негизинде сүрөттөгөн, чоң философиялык жалпылоолорду жасап, повестке романдык мазмунду сыйдырып, каармандын жандүйнөсүндөгү процесстерди терең иликтеп, Танабайдын карама-каршылыктуу татаал, трагедиялуу образын жараткан. “Гүлсарат” жанрды жаңы деңгээлге көтөргөн этаптык чыгарма. Ал эми Ш.Абдырамановдун “Дыйкандарынын” негизги максаты – жасалма сюжет, конфликттин негизинде колхоз турмушундагы терс көрүнүштөрдү тизмектөө. Б.Шамшиев туура белгилегендей, романда публицистика, декларативдүүлүк басымдуулук кылат. Каармандар жансыз, окуялар сенек. Эми ушундай халтура роман менен дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөрүлгөн, катаал реализмге каныккан, боордош түрк тилдүү адабияттардын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген “Гүлсаратты” салыштырууга болобу? Бул эми Пушкин менен Демьян Бедныйды салыштыргандай эле көрүнүш да.


Б.Шамшиевдин “Азаттыкта” окурманды сайга аркандаган макаласына ишенгендердин жазган пикирлерин окуп көрөлү: “Аябай куугунтукталыптыр, кыргыз филологиясын окуп жүргөн бизге жетпептир” (Гүкү 10.03.21), “Мыкты роман болгон үчүн автору куугунтукталган” (Белек 07.03.21) “Кайран гана бабаларыбыз, Шабданбай Абдыраманов атабыз да куугунтукка кабылган турбайбы!” (Салтанат 07.03.21). деп Б.Шамшиевдин ак тооктук Шабданбай акасына жан тартып, жасаган көз боёмочулугуна ишенип, алданган окурмандардын жазгандары ушундай. А кептин чын-чынына келе турган болсок, Ш.Абдыраманов совет мезгилинде куугунтукталган эмес. Мисалы, 1973-жылы Кыргызстан Компартиясынын июль пленумунда “чындык тарыхтын принциптеринен чегинүү, өткөндөгүнүн көрүнүштөрүнө таптык мамиле кылуунун жоктугу, советтик турмуштун айрым жактарын бурмалоо республиканын айрым жазуучуларынын, атап айтканда Ш.Үмөталиевдин, М.Борбугуловдун, Т.Сыдыкбековдун жана башкаларында кезигет” деген сыяктуу айыптоолор болгон, же ошол эле КП БКнын 1983-жылдагы май пленумунда Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы партиялык бийлик тарабынан кароолго алынып, сындалып, аталган авторлордун чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган. Ал эми Ш.Абдырамановдун чыгармаларына минтип бийлик тарабынан партиянын пленумунда саясый айып тагылып, расмий сындалган, тыюу салынган учур дегеле болгон эмес. Курулай жалаакорлуктун кереги эмне? Эгер бийлик тарабынан куугунтукталса, китептери чыкмак эмес, гезит-журналдар менен телерадионун эшиги да жабык болмок, коомдо ал өзүнчө эле аутсайдерге айланмак. Тескерисинче, жазуучунун макалалары, очерктери, публицистикалары, чыгармалары гезит-журналдарга үзгүлтүксүз жарыяланып, жумушчулар темасында телерадиодон көп жолу чыгып сүйлөп, Жазуучулар союзунун пленум, съезддеринде көптүн арасында аты аталып, 1957-жылдан 1991-жылга чейин 20 китеби басмадан чыгып (жалпы көлөмү 300 басма табакка жакын), ага олчойгон калем акы да алып, ошонун эсебинен жансактаган да. Куугунтукталган киши Москвада Малеевка, Фрунзеде “Арашан” чыгармачылык үйлөрүндө романдарын жазабы? Ал баардык жазуучулардай эле социализмдин көргөн камкордугун, сыйургалын (привилегия) каалагандай пайдаланып жүргөнүн ушул фактылар жетишерлик далилдеп жатпайбы? Анан ал кайдан жүрүп куугунтукка кабылган жазуучу болот? Жазуучулардын 1986-жылы болуп өткөн VIII съездинде Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы Жолон Мамытовдун докладында Кыргызстан Компартиясынын экс-башчысы Т.Усубалиевге сыйынып, таянган союздун мурдагы жетекчилери Т.Аскаров, М.Жангазиев, Б.Өмүралиевдер тарабынан жазуучулар Т.Касымбеков, Ж.Алыбаев, К.Сактанов, С.Тургунбаев, С.Жетимишев, Ж.Садыковдор куугунтукка алынышкандыгы баса белгиленип, китептери чыкпай, алтургай ысымдары ар кандай тизмелерден чийилгени тастыкталган. Бул расмий маалымат аталган калемгерлердин өмүрү, чыгармачылыгын изилдөөдө ишенимдүү булак болуп берет. Ал эми Б.Шамшиев болсо далили, таяна турган бир фактысы жок эле Ш.Абдыраманов “куугунтукталган”, “саясый айып тагылган” деген жалган маалыматын “Азаттык” аркылуу атпай журтка жарыялап отурат, анысы суу кечпеген сөз. Анткени, ал “Саманкана өрттөнүптүр десе, Самарканды жоо чааптыр” дегендей эле каңырыш кеп, ал жок жерден чуу чыгарып, астротурфинг кылып, тарыхты фальсификациялап жатканы кашкайып эле көрүнүп турбайбы.


 (Уландысы бар)

Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты 

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн