Абдыкерим Муратов өтө эле жөндөмдүү, эптүү инсан. Ал аңгеме, повесть, роман, адабий сын, окуу программаларын, китептерин жазат, публицист, адабият теориясы китебинин, сөздүктүн да автору, лектор, өлкөбүздөгү адабият мугалимдеринин ишенген усулчусу, илим доктору, балким, ыр да жазат чыгар, иши кылып, көп кырдуу, “универсал талант” десек болот. Бирок, ал канчалык “универсал” болбосун, адабият тарыхы боюнча адис эмес. Анын мурда-кийин адабият тарыхы боюнча шугулданып, эмгек жазган учуру да болгон жок. “Романдын, адабият теориясынын авторуна адабият тарыхы эмне болуп калыптыр?” деген дымагы менен эле киришип алган окшойт. Болбосо аңгеме, роман жазуу чыгармачылыгы өзүнчө бир дүйнө, адабият теориясы өзүнчө бир багыт, адабият тарыхы атайын адистешүүнү, олуттуу даярдыкты талап кылган тармак экенине А.Муратов маани берген эмес. Ошон үчүн тарыхка кирген портретте Ш.Абдырамановду мактоого тундуруп, будамайлап бүтүрө салган. Ушундай көңүл улап, көтөрмөлөп жазылган утурумдук макалалардын залалы илимге тийип жатканын кезинде академик Д.С.Лихачев “Главный изьян наших литературоведческих работ состоит в том, что мы недостаточно четко отделяем задачи исследовательские от популяризаторских. В результате – поверхностность, фактографичность, примитивная информативность” деп илимдеги кендирди кескен кемчиликтерди көзгө сайып көрсөткөн. Ушул ыңгайдан алып караганда, А.Муратов сын-биографиялык очерктин суррогаты болгон, дилетанттык деңгээлде жазылган Ш.Абдырамановдун портретиндеги кемчиликтер кашкайып эле өзүнөн өзү көрүнүп турат.
Анан калса, адабият
тарыхы өтө олуттуу иш, ага тийди-качты, жүрнары, ат үстүнөн мамиле кылган
жарабайт. Адабият тарыхына Качкынбай Артыкбаев бүт өмүрүн арнады, 20-жылдардагы
кыргыз адабиятынын тарыхын Салижан Жигитов архивдик материалдардын негизинде он
жылдан ашык изилдеген. Ооба, адабият тарыхы ушундай кызылдай мээнетти, чоң
жоопкерчиликти, предметти терең билген адискөйлүктү, илимий этиканы бекем
карманган чынчылдыкты, ак пейил мамилени жана терең теориялык илимий даярдыкты
талап кылат.
Аскар МЕДЕТОВ, филология илимдеринин кандидаты
Булак: "Азия
Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн