Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 17:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Харам жайлардын баары ачык, мечиттер жабык бойдон, - активист Марат Жуманалиев

21.08.2020 15:00
1511
Харам жайлардын баары ачык, мечиттер жабык бойдон, - активист Марат Жуманалиев


"Азия MIX" КВН командасынын өкүлү, активист Марат Жуманалиев жума күндөрү жамаат менен намаз окуганга уруксат берилбей жатканына кабатырланып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу нааразычылыгын билдирди.


Анын Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин алдына түшкөн сүрөтүндө “Силер мечиттерди ачышыңар үчүн канча төлөшүбүз керек?”, - деген жазууну көрүүгө болот.


Ошондой эле ал кафе-ресторан, соода борборлорго жана парктарды ачканга уруксат берилип, мечиттер жабык турганына каршы экенин билдирген.


“Баардык харам жайлар ачык, бирок бир гана мечиттер эмес. Кереметтүү жума күн. А бул жабык дарбазалар маанайды түшүрөт. Мындай сонун сыйлыктарды силер жабык кармоодосуңар”, - деп билдирүү калтырган.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн