Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” мүчөлөрү кармалды

05.04.2022 17:35
494
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” мүчөлөрү кармалды

Бишкек шаарында “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “аялдар канатынын” жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.


Билдирүүгө караганда, 1-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) каралган кылмыштардын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган үйлөрдө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 57 экстремисттик багыттагы диний адабияттар (“Ислам түзүмү”, “Хизб ут-Тахрирдин жайылуу нускасы”, “Халифалык мамлекеттин жихазы”, “Башкаруу жана идора”, Ислам экономика түзүм”, “Ислам нафсия негиздери”, “Аль-Ваи”, “Ислам мамлекети”), 15 экстремисттик баракча, 10 уюлдук телефон жана тогуз конспект табылып алынды.


Аталган диний экстремисттик уюмдун электрондук китептери жүктөлгөн мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу аркылуу да жүргүзүлгөн. Алынган материалдардын негизинде комплекстүү диний-лингвистикалык экспертиза дайындалды.


Учурда УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш ишинин материалдарына катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн