Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Хизбут-Тахрир” уюмунун 12 лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалды

03.05.2022 21:15
431
“Хизбут-Тахрир” уюмунун 12 лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалды

 


КР УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашыруун иштеп жаткан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун көмүскө ячейкасынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


2022-жылдын 1-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 4 лидери жана 8 активдүү мүчөсү кезектеги айлык чогулушун өткөрүү учурунда Аксы районунун Кербен шаарынан кармалды. Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынды.


Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу жана конспирациялык негизде диний сабактарды өткөрүшүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан.


Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын тергөө камак жайына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн