Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ИИМ Аспеков менен Жунусбековго карата иликтөө иштерин баштады

28.12.2020 16:15
1547
ИИМ Аспеков менен Жунусбековго карата иликтөө иштерин баштады

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощиндин арызынын негизинде Ички иштер министрлиги тергөө чараларын баштаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүп жатышат.


Мелис Аспековго байланыштуу текшерүү Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына, Төрөхан Жунусбековго Талас облусунун Ички иштер башкармалыгына тапшырылды. Материалдар Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын көзөмөлүндө.


Эске салсак, Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин БШКга жана Ички иштер министрлигине Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбековго каршы арыз жазган. Анын айтымында, алар президенттикке талапкердин штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок, бирок алар өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн