Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

ИИМ: Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган компанияга кылмыш иши козголду

16.06.2023 12:38
939
ИИМ: Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган компанияга кылмыш иши козголду


Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Анткени аталган компания жалпы 5 млн 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгон.

Бул факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн