Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ИИМ: Баткенде жоокер кокусунан чогуу кызмат кылган жоокерди атып алды

09.01.2022 21:10
1175
ИИМ: Баткенде жоокер кокусунан чогуу кызмат кылган жоокерди атып алды


Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери Чек ара кызматынын жоокерлери менен биргеликте  Лейлек районундагы  Сада айылындагы чек арага жакын нөөмөт пунктунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда кокустуктан чогуу кызмат кылган жоокерди ок атуучу куралдан атып алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ок атуучу курал алып жүрүүдө коопсуздук талаптарын бузуп, бири-бирине ойноп курал кезегендиктен улам ички аскерлердин катардагы жоокери 2002-жылы туулган Н.у Т.  кокусунан бет маңдайда турган шериги ички аскердин жоокери тарапка ок чыгарып алган. 


Жарадар болгон катардагы жоокер 2003-жылы туулган М.у.К. дароо ооруканага жеткирилген, тилекке каршы жаракат алган жоокер ооруканадан анын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок.


Алдын ала маалыматтар боюнча, ички аскерлердин жоокери "АКСУ" ок атуучу куралын колдонууда коопсуздук талаптарын сактабастан, курал менен ойноп, ок атуучу куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам маңдайында турган чоогу кызмат өтөгөн ички аскерлердин жоокери тарапка ок чыгарып атып алган.


Ички аскерлердин командачылыгы милиция кызматкерлери менен биргеликте окуянын бардык жагдайларына текшерүүнү жүргүзө баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн