Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Бишкек шаарында баңгизат издеп жаткан жарандар кармалды

16.04.2024 11:44
86
ИИМ: Бишкек шаарында баңгизат издеп жаткан жарандар кармалды


Бишкек шаарында баңгизат издеп жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек шаарындагы ишканалардын биринде күзөтүп турган ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери бактын жанында 3 адам чөптөрдүн арасынан бир нерсе издеп жатышканын көрүп, шериги менен шектүү адамдардын жанына барышкан.

Алардын өздүгүн жана эмне издеп жатышкандыгын тактоо үчүн аларды кармашып, издеп жаткан жерди жакшылап караганда кызыл түстүү скотчко оролгон белгисиз зат жатканын көрүшүп, Октябрь райондук милициянын тергөө тобун чакырышкан.

Шектүү катары кармалган жарандар 1986-жылы туулган Ш.М.Д., 1985-жылы туулган И.А.Э., 1990-жылы туулган Т.Б.Т. экени такталган.

Жогоруда кармалгандар жана табылган баңгизатка окшош зат Октябрь РИИБнын тергөө кызматына билдирме аркылуу өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн