Ички иштер министрлиги КРнын президенттигине талапкер Имамидин Ташовго каршы текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү Гүлмира Турмамбетова билдирди.
Анын айтымында, ИИМ Имамидин Ташов шайлоо өнөктүгү баштала электе, 2020-жылы 5-октябрда Ала-Тоо аянтында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун ата-энесине батир бергенин аныктады.
Талапкердин өкүлү ИИМ текшерүүнүн натыйжасында Үмүтбектин ата-энесине берилген батир октябрь айында берилгендиктен добуш сатып алуу деп эсептелбегенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн