Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:41
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

ИИМ: Курсан Асанов бийликти басып алууга даярдангандыгы үчүн кармалды

15.09.2021 00:05
1162
ИИМ: Курсан Асанов бийликти басып алууга даярдангандыгы үчүн кармалды


Курсан Асанов бийликти басып алууга даярдангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштү баштады.


"Тергелген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ички иштер министринин мурдагы басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала бүтүм түзүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөнү аныкталды”, - деп айтылат Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө.


Буга байланыштуу Асанов шектүү катары кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн