Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ “Медиа центрге” чыккан материалга жооп берди

05.11.2020 15:56
859
ИИМ “Медиа центрге” чыккан материалга жооп берди


Буга чейин биздин чыгаан автор Канатбек Аскаровдун “МАИчилер Садыр Жапаровдун саясатына каршыбы?”аттуу макаласы жарык көргөн. Анда акыркы кездери Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкерлеринин аракети сынга алынган болчу. ИИМ бул материалга өз жообун берди. Алар мындай көрүнүштү иликтеп, мыйзамды бузган кызматкерлерине чара көрө турганын убадалады.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине чыккан “МАИчилер Садыр Жапаровдун саясатына каршыбы?” – деген малыматы ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды, толугу менен текшерилет, мыйзамды жана буйруктарды бузган кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөт. ИИМдин ЖКККББ сиздерге кайрылат. Так жана акыйкат фактыларды да кошо айтсаңыздар, азыр техниканын заманы да. Биз дайыма сынды угабыз жана эгерде кемчиликтер бар болсо аны сиздер менен бирге жеңебиз, кимде ким тартип буза турган болсо майзам чегинде жоопкерчилигин карайбыз жана аны коомчулукка  бөлүшүүгө даярбыз”, - деп айтылат аталган кайрылууда.


Бирок, ИИМ жетекчилиги Бишкектин көчөлөрүндө “ала таягын” көтөрүп ар кайсы унааны тосуп жаткан кызматкерлерин тыйышы керек. Мындай “жапайычылык” бар да өнүккөн мамлекетте жок. Техниканын заманында журналисттерге акыл айтпай өздөрү кызмат көрсөтүүнү заманбапташтырса болмок. Биз бул окуяга тыкыр көзөмөл кылып, темага мындан ары да токтолобуз. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Майрам
Менин билишиме караганда коррупциялык жолдорго бөгөт коюу максатында борбор шаарыбыздын ичинде көчөлөрдүн кесилиштеринде ала таяк эмес кол менен дагы токтотконго болбойт. Эгер андай көрүнүштү байкап калса, фото- видеого тартып ИИМге берсе ички коопсуздук кызматы чара көрөт.