Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ИИМ: Нарында добуш сатып алуу фактысы катталды

10.01.2021 20:18
750
ИИМ: Нарында добуш сатып алуу фактысы катталды

Нарын облусунда добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.


Макилов белгилегендей, бүгүн мыйзам бузуу боюнча 32 иш электрондук маалымат журналына катталды.


"Ош шаарында 8, Бишкекте 12, Ысык-Көл, Талас, Ош облусу, Баткен жана Нарында бирден, Чүйдө 6 иш катталды. Нарын облусунда добуш сатып алуу боюнча бир иш Кылмыштар жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүүдө", - деди ал.

БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров саат 18:50гө карата ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна жалпы 42 кайрылуу түшкөнүн айтат.

Анын айтымында, кайрылуулардын бирөө добуш сатып алуу, бирөө админресурсту колдонуу, бирөө урнадагы кемчилик, 26сы шайлоо тилкелериндеги жумуштар боюнча түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн