Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ИИМ Россиядагы кыргыз-тажик жарандарынын массалык мушташы тууралуу маалымат берди

22.07.2020 12:54
1387
ИИМ Россиядагы кыргыз-тажик жарандарынын массалык мушташы тууралуу маалымат берди



ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Россия аймагындагы кыргыз жарандарына карата же алар тарабынан жасалган укукка каршы аракеттер боюнча тарап жаткан ар кандай маалыматтарды көзөмөлдөп турат, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Алар билдиргендей, жакында маалымат агенттиктеринде Екатеринбургда кыргыздар менен тажиктер арасында мушташ болгон видео чагылдырылган.


ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жаш адамдар тийишип койгондуктан келип чыгып, ар бир тараптан 10-15ке жакын адам катышкан. Алардын көбү Россия жарандары болот. Кыргыз улутундагы улуу адамдар тарабынан мушташтын күчөп кетишин алдын алууга мүмкүн болгон. Ошондой эле кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер дагы тартылган. Жайынтыгында мушташтан денесинен ар кандай жаракаттарды алгандар аныкталды.

 

Бул факты расмий катталып, азыркы учурда полициянын кезметтери кайгулдоо жүргүзүүдө.


Андан сырткары, ошол эле күнү «WhatsApp» социалдык тармагында кыргыз жаштары тарабынан тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген жалган маалыматтар тарай баштаган. Маалыматта 20-июль күнү Екатеринбург шаарында чогулуп, тажиктерден өч алууга чакырышкан. Массалык кагылышууну болтурбоо менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн “Урал Элдеринин үйү” коомдук уюмунун имаратында кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан кыргыз жана тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлөт.


Азыркы учурда ИИМдин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын полициясынын 11-бөлүмү тарабынан катталган материал боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат жана анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат”, - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Андан соң ошол эле күнү кыргыздар тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу агрессивдүү маанайдагы адамдар өз мекендештерин болуп өткөн чыр-чатакты күч менен чечүүгө чакырып, анын жыйынтыгы менен 30-40 кыргыз жараны менен андан эки эсе көп тажиктер топтолгон видео тараган. Бул окуя күбөлөр жана мушташка катышкандар тарабынан видеого тартылып алынып, ал россиялык ЖМК аркылуу тарап, эки кыргыз жабыр тартканы жана алардын абалы канаттандыраарлык экендиги айтылган.

 

Айрымдар эки кыргыз өлтүрүлгөнү жана аларга кайра күч колдонуу менен жооп берүү үчүн 2020-жылдын 22-июлунда чогулууга чакырышкан видео тараган. Жогоруда боло турган чыр-чатак Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан алдын алынып, бардыгы кармалган.



Азыркы учурда топтолгон материалдар боюнча Россия ИИМнин Екатеринбург шаары боюнча кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат. “Эгерде укукка жат контент табылган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чараларды көрөт”, - деп кошумчаланат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн