Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

ИИМ: Сузакта башкы дарыгер COVID-19га делген акчаны максатсыз пайдаланган

16.06.2020 11:20
1026
ИИМ: Сузакта башкы дарыгер COVID-19га делген акчаны максатсыз пайдаланган


Сузак райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери менен башкы бухгалтери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 47 жаштагы О.С. аттуу башкы дарыгер жана 46 жаштагы М.К. аттуу башкы бухгалтер COVID-19дун алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга деп бюджеттен бөлүнгөн 300 миң сомду максатсыз пайдаланган.


Алар каражатты өз мекемесинин кызматкерлерине кошумча маяна катары таратып берген. Өкмөттүн "Резервдик фонддун каражаттарын колдонуу жол-жобосу" боюнча токтомуна ылайык, бул акчаны маяна катары колдонууга тыюу салынганы айтылат.


Аталган факт боюнча 320-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн